Айдоочулар, абайлагыла! Бишкекте канализациянын кудугу түшүп кетти. Сүрөт

Окуядан улам троллейбустук эки каттам убактылуу жүрбөй калды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Москва көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде, жолдо жайгашкан канализациялык кудук ылдый түшүп кеткен. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 2

Борбор калаадагы Москва көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде, жолдо жайгашкан канализациялык кудук ылдый түшүп кеткен

2 / 2

"Бишкек суу канал" ишканасынын аны калыбына келтирүү үчүн иштеп жаткандыгы айтылды.

"Бишкек суу канал" ишканасынын аны калыбына келтирүү үчүн иштеп жаткандыгы айтылды.
"Мындан улам саат 10:00дөн тарта №8 жана №9 каттамдагы троллейбустар токтоду. Андан сырткары №7 (Тунгуч — Эт комбинаты) троллейбустун жүрө турган багыты өзгөрдү", — деп айтылган билдирүүдө.
Мэрия айдоочуларды аталган жерден, Москва көчөсү менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинен өтпөй, башка жол менен жүрүп турууну эскертти.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Автоунааны бактын түбүнө токтотпогула! Мэриянын эскертүүсү