Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пранкер менен сүйлөшкөн британиялык министрдин видеосун өчүртүү аракети жүрүп жатат

Пранкерлер Уоллеске Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын атынан чалышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын Коргоо министрлиги YouTube компаниясына Британиянын коргоо министри Бен Уоллестин россиялык пранкерлер Владимир Кузнецов (Вован) жана Алексей Столяров (Лексус) менен сүйлөшкөн видеосун өчүрүүнү суранып кайрылды. Анда пранкерлер Уоллеске Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалдын атынан чалышкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Бен аны менен өзүн Украинанын премьер-министри деп тааныштырган бирөө сүйлөшүүгө аракет кылганын айткан.
Британиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, видеоконференция форматындагы сүйлөшүү болжол менен 10 мүнөткө созулган. Sky News басылмасынын ишенимдүү булактарынын биринин айтымында, эркек киши "Силер биз жиберген затты алдыңарбы?" деп сураган. Уоллес эмне жөнүндө кеп болуп жатканын түшүнбөгөнүн айткан. Министр менен сүйлөшкөн киши ысымдарды айтып кирген, бирок Уоллес аны да уккан эмес. Андан соң премьер телефон чалуудан шектенип, байланышты үзүп салган.
Пранкерлер Уоллес менен видеоконференция 17-мартта болгонун белгилешкен. Акыркы суткада Вовандын расмий YouTube каналына сүйлөшүүнүн алты фрагменти жарыяланган. Анда Украинанын НАТОдогу статусу, курал жеткирүү, согуштук аракеттерге чет элдик жалданма аскерлердин катышуусу, өзөктүк курал сатып алуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу маселелер камтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Экинчи фронт", тарыхтагы Мазепа жана Украинанын мамлекеттүүлүгү