Бишкектин кээ бир жерлеринде эртең суу өчөт

"Бишкексууканал" "Контррезервуары" суу кампасы менен суу түтүктөрүн оңдойт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында 24-март күнү ичүүчү суу өчөт. Бул тууралуу мэрия "Бишкексууканалга" шилтеме берип жазды.
Эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов жана темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу берилбейт. Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полицейский городок конуштарында дагы суу берүү үзгүлтүккө учурайт.
Бул күнү "Контррезервуары" суу кампасы менен суу түтүктөрү оңдолот.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жарандарды суу камдап алууга чакырат.
Айдоочулар, абайлагыла! Бишкекте канализациянын кудугу түшүп кетти. Сүрөт