Балыкчы — Кочкор темир жолун куруу үчүн даярдык көрүлө баштады

Учурда жерди казуу, шагыл менен кайра толтуруу иштери аткарылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Учурда Балыкчы — Кочкор темир жолун куруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Учурда төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:
жерди казуу;
шагыл менен кайра толтуруу;
дренаждык жумуштар;
темир-бетон шпалдарын төшөө үчүн шагылдарды жайгаштыруу;
жебе котормосун жайгаштыруу.
Жакынкы арада Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи күтүлүүдө.
"Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ТЭЦти көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ", — деп айтылат маалыматта.
Биринчи этапта темир жолдун 63 чакырымы курулат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун долбоорун иштеп чыгуу башталды