Садыр Жапаров балдар акыйкатчысын алмаштырды

Кызматтын жаңы ээси 2021-жылы юстиция министри болуп дайындалып, кайра ошол эле жылдын соңунда иштен кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Президенттин башка жарлыгы менен бул кызматка Асел Чынбаева дайындалды. Ал 2021-жылы юстиция министри болуп дайындалып, кайра ошол эле жылдын соңунда иштен кеткен.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Жапаров акыйкатчы Абдрахматованы кабыл алып, кеңештерин айтты. Сүрөт