Организм тез карыйт! Узакка созулган стресстин кесепети айтылды

Адистин айтымында, стресс тамак сиңирүү системасын жабыркатат. Көпкө чейин кайгыга батып жүргөн адамдын ашказанында жара жана гастрит пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Психолог Любовь Крушинских узакка созулган стресс организмге кандай кесепетин тйигизерин түшүндүрдү. Анын пикирин "Известия" жазды.
Адистин айтымында, көпкө созулуп кеткен стресс абалы организмди ар тараптан алсыздандырып, карып кетүү процессин тездетет.

"Стресс, биринчиден, тамак сиңирүү системасын жабыркатат. Көпкө чейин кайгыга батып жүргөн адамдын ашказанында жара жана гастрит пайда болот. Мындан тышкары, кан айлануу системасындагы гипертония, инсульт сыяктуу илдеттерди пайда кылышы мүмкүн", — деди Крушинских.

Психологдун айтымында, стресске кабылган адамдын алдында ар дайым эки жол бар. Биринчиси — кайгы-муңга алдырып, организмдин карып жатканын карап отуруу. Экинчиси — өзүн колго алып алдыга жаңы максаттарды коюу. Адистин пикиринде, адатта катуу депрессиядан же стресстен аман чыгып кеткен адамдар жаңы күчкө, энергияга толуп, айланадагыларга көбүрөөк пайдасы тийип калат. Ошондой эле жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Сүйүүдөн "башын жоготкон" өспүрүмгө ата-эне кандай жардам бере алат? Кеңеш