Ооздогу жагымсыз жыттын себебин дарыгер түшүндүрдү

Дарыгер тишти ар бир тамак ичкенден кийин тазалоо керектигин эскертет. Ал үчүн тиш жуучу пастадан тышкары, жип, сагыз сыяктуу тишти тазалоочу бардык каражаттар жарай берет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Тишти жуугандан кийин деле эмнеге ооздон жагымсыз жыт чыга бериши мүмкүн экенин РИА Новостиге Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы стоматологу Игорь Золотницкий айтып берди.
"Галитоз — тишти жуугандан кийин деле ооздон жагымсыз жыттын чыга берүүсү. Буга бир нече фактор себеп болушу мүмкүн. Мисалы, бүйлө оорулары, тишке курт түшүү, ксеростомия илдети (ооздун кургап кетиши). Ошондой эле протез, брекет сыяктуу ооздогу бөтөн заттар жаман жыт пайда кылышы мүмкүн. Анткени алардын алдында тамак калып калат", — деди дарыгер.
Мындан тышкары, Золотницкий жагымсыз жытка чылым, ашказан жана ичеги-карын оорулары себепкер экенин кошумчалады.
Сөзүнүн аягында дарыгер тишти ар бир тамак ичкенден кийин тазалоо керектигин эскертти. Ал үчүн тиш жуучу пастадан тышкары, жип, сагыз сыяктуу тишти тазалоочу бардык каражаттар жарай берет.
Жеке эле генетикадан эмес... Тиштин өңүн буза турган себептер аталды