Муртазалиев Жогорку Соттон утулду, Атазов депутат болушу мүмкүн

БШК Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап, алган добушун жокко чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жогорку Сот Свердлов шайлоо округунан утуп чыккан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын четке кагып, БШКнын пайдасына чечим чыгарды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап, алган добушун жокко чыгарган. Талапкер бул чечимге макул болбой Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Анда фемида өкүлдөрү Муртазалиевдин арызын канааттандырган эмес. Андан соң ал Жогорку Сотко даттанган.
Бүгүн аталган ишти караган судья Административдик соттун чечимин күчүндө калтырган. Мыйзамда мындай учурда алган добушунун саны боюнча экинчи орунда турган талапкерге мандат берилери каралган. Демек, Свердлов округунан Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши мүмкүн.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок