ЖМК: Кытайда кулаган учактын ичиндегилер дагы деле табыла элек

21-март күнү Кытайдын China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кулаганы кабарланган. Такталган маалыматтар боюнча, бортто 132 адам болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кытайда кулаган Boeing 737 учагынын ичиндегилер табылбай жатат. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телевидениесиндеги маалыматтарга шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Куткаруучулар аба кемеси кулаган аймакты карап жатышат. Бирок тирүү калгандардын өздөрү же кырсыктагандардын сөөктөрү алигиче табыла элек. Окуя тоолуу аймакта болгондуктан, ал издөө иштерине бир топ тоскоолдуктарды жаратууда", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, 21-март күнү Кытайдын China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кулаганы кабарланган. Алгач анда 133 киши бар деп айтылып, кийин бортто 132 адам болгону аныкталган. Алардын ичинен 123ү жүргүнчүлөр, тогузу экипаж мүчөлөрү дешкен. Лайнер Куньминден Гуанчжоуга бара жаткан.
Кырсык болгон сааттарда эле учак кулаган аймак аныкталып, жеринде тартылган видео жарыяланган.
Кадрларда лайнер тоо арасына түшүп, өрт чыкканын көрүүгө болот.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Мадагаскарда кыйраган тик учактагы полиция министри 12 саат сүзүп жээкке жеткен