Пресс-борбор

Кыргызстанда токойлорду сактап калуу үчүн каражат көбүрөөк бөлүнө баштады

Адис Кыргызстандагы токойлорду калыбына келтирүү долбоорлорун колдоп беребиз деген ниетин билдирген тышкы донорлор көп экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын бийлиги токойлорду өстүрүүгө жумшалган каражаттын көлөмүн жогорулатты. Бул тууралуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.
Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуп алуу коркунучу барбы? Экологияны коргоо жөнүндө" аттуу брифингге катышты.
"Буга чейин жылына токойлорду сактап калуу жана өстүрүүгө республикалык бюджеттен 70 миллион сомго чейин каражат бөлүнчү. Быйыл бул сумма 30 миллион сомго көбөйтүлүп, 97 миллионго чыкты", — деди Мусаев.
Ошондой эле адис токойлорду калыбына келтирүү долбоорлорун колдоп беребиз деген ниетин билдирген тышкы донорлор көп экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги жылдан жылга абанын температурасынын жогорулашы токойлордун жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келиши мүмкүн экенин билдирген. Экологдор эмитен эле чөлгө айлануу тенденциясы бар экенин айтууда.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
Адис: Кыргызстандын токойлору Орто Азиянын оазиси