Пресс-борбор

Адис: Кыргызстандын токойлору Орто Азиянын оазиси

Айыл чарба министрлиги жылдан жылга абанын температурасынын жогорулашы токойлордун жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келиши мүмкүн экенин билдирген. Экологдор эмитен эле чөлгө айлануу тенденциясы бар экенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын токойлору Орто Азиянын оазиси болуп эсептелет. Бул тууралуу токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев билдирди.
Токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуп алуу коркунучу барбы? Экологияны коргоо жөнүндө" аттуу брифингге катышты.
Журналист адиске "Кыргызстандын токойлору Орто Азия үчүн кандай мааниге ээ?" деген суроо берген.
"Кыргызстандын токойлору Орто Азия боюнча оазис деп айтылат. Себеби биздин токойлор Нарын сыяктуу ири дарыялардын башында жайгашкан. Алардын жанынан чыккан сууну коңшу өлкөлөр пайдаланышат. Мааниси өтө чоң", — деди адис.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы токойлордун канча пайызы жапайы өскөнүнө токтолду.
"Ушул тапта табигый жол менен өскөндөр жалпы токойлордун алты пайызын түзөт. Калгандары отургузулган. 1950-жылдардан берки маалыматты алсак, 75-80 миң гектардын айланасында кол менен тигилген токойлорду өстүрдүк", — деди Алиев.
Адистин пикиринде, токойду көбөйтүү боюнча жогорудагы эки жолуна тең көңүл бурулушу керек.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги жылдан жылга абанын температурасынын жогорулашы токойлордун жана биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына алып келиши мүмкүн экенин билдирген. Экологдор эмитен эле чөлгө айлануу тенденциясы бар экенин айтууда.
Орто-Токой суу сактагычына балыктын 900 миң чабагы коё берилди. Видео