Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон товарынын көлөмү 80 пайызга өстү

Евразиялык экономикалык биримдиктин өз ара соода көлөмү январда 5 миллиард долларды түзүп, 17,3 пайызга көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Быйыл январь айында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүдө Кыргызстандын экспортунун өсүү темпи эң жогорку болуп, 80 пайызга жетти. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.
ЕАЭБдин өз ара соодасынын көлөмү январда 5 миллиард долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 17,3 пайызга көбүрөөк. Экспорттун өсүү темпи биримдиктеги бардык өлкөлөрдө катталган. Кыргызстандан кийин Армения турат, тагыраагы, алардыкы 39,3 пайыз болгон.
Азык-түлүк товарлары жана айыл чарба серьёлору боюнча сооданын активдүүлүгү уланууда. Биримдиктин рыногуна ташылган көлөм былтыркы январга караганда 27,8 пайызга өстү. Россиядан ташуу 50,5 пайызга, Армениядан 32,8, Беларустан 18 пайызга көбөйгөн. Ал эми ички рынокко металл менен буюмдарды ташуу 28,6 пайызга көбөйүп, 700 миллион доллардан ашыгыраак сумманы түзгөн.
Январда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сырткы соодасынын көлөмү 76,3 миллиард долларды түзүп, былтыркыдан 62,6 пайызга жогорулаган. Анын ичинен товар экспорттоо 76,5 пайызга өсүп, 50,8 миллиард долларга жетти.
Негизги сатып алуучулар Европа биримдиги (алардын үлүшү 48,2 пайыз) жана Азия-Тынч океан кызматташтыгы (25,5) өлкөлөрү болуп саналат. Бардык мамлекеттердин арасынан Кытай (13,2 пайыз) менен Нидерланддар (10,9) алдынкы сапта турат. Ал эми ЕАЭБ рыногуна товарларды эң көп Кытай (33,3 пайыз) менен Германиядан (33,3) импорттой турганы белгилүү болду.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
Глазьев: Евробиримдик ЕАЭБ мамлекеттерине өндүрүшүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө