Мал ташып иштеген айдоочуларга тиешелүү документтерди алып жүрүү эскертилди

19-20-март күндөрү Москва райондук милициясы "Мал уурдоо" аталышындагы рейд жүргүзгөн. Көп мал кармаган сарайларга видеокамераларды орнотуу сунушталды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мал ташып иштеген айдоочуларга тиешелүү документтерди жанында алып жүрүү боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка караганда, 19-20-март күндөрү Москва райондук милициясы "Мал уурдоо" аталышындагы рейд жүргүзгөн.
Иш-чара учурунда 70тен ашуун мал сарайдын ээлери менен жолугушуу болуп, эскертмелер таркатылды. Андан сырткары, буга чейин мал уурулук фактылары боюнча соттолгон 25 жаран текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Рейд учурунда мал ташыган жети автоунаа токтотулду. Аларда 50дөн ашуун бодо мал жана майда жандыктардын тиешелүү документтери жок экени аныкталды. Мындан улам айдоочуларга тиешелүү документтерди алып жүрүү боюнча эскертүү берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле көп мал кармаган сарайларга видеокамераларды орнотуу сунушталды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Радио
Шарапов: тез татым жайлары өлгөн малдын этин колдонгон учурлар катталды