"Сосновка" өткөрүү пункту автоунаалар үчүн ачылды

Аталган өткөрүү пункту аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу унааларды өткөрүүгө чектөө койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы "Сосновка" өткөрүү пункту ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, унааларды өткөрүүдө чектөө бүгүн, 21-мартта, саат 07.00дө алып салынды.
"20-март күнү саат 23.00дө унааларды өткөрүү пункту жабылган. Кайра бүгүн эртең менен ачтык. Эми аба ырайынын өзгөрүшүнө карап айдоочуларды өткөрөбүз. Себеби жолдор бат эле тайгак болуп кетүүдө", — деди мекемеден.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Келе жаткан апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы
Радио
ӨКМ альпинисттердин коопсуздугу үчүн "Эдельвейс" аттуу куткаруучулар командасын түздү