Байланып калышат. Адистер эки дарыны абайлап ичүүнү сунушташты

Дарыга көнүп алган адам кийин андан өз алдынча баш тарта албай калышы ыктымалдыгын эскертишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Көпчүлүк адамдар стресстин симптомдору пайда болору менен корвалол же валерьянка ичишет. Бирок мындай дарыларды этияттык менен колдонуп, алдын ала медицина кызматкерлеринен кеңеш алуу шарт. Бул туурасында дарыгер-терапевт Надежда Капнинская РИА Новостиге билдирди.
Анын айтымында, корвалолду көп ичкен адам ага көнүп, көз карандылык синдромуна кептелип, өз алдынча баш тарта албай калат.
"Адам тиги же бул препаратка көнүп алса, аны ичпей калса эле тынчсызданып, калтырап, алсырап, башы айланып жана уйкусу бузулуп кыйналат", — деди Капнинская.
Ошондой эле адис валерьянка тундурмасын туура эмес ичип алгандар дүрбөлөңгө түшүп жана уйкусуздукка кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Ал эми дозасынан ашыра ичкенде анын кесепетинен улам ич катышы да мүмкүн.
Уйкуну кандырбаса эмне болот? Негизги төрт кесепети аталды