Окумуштуу жана невролог Арстанбек Мурзалиев дүйнөдөн кайтты. Некролог

Мурзалиев бүткүл өмүрүн кыргыз медицинасынын неврологиялык кызматын түптөөгө арнаган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 91 жаш курагында билим берүү, илим, медицина тармактарынын көрүнүктүү ишмери, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Мурзалиев көз жумду.
Президенттин администрациясы жарыялаган некрологдо белгиленгендей, Мурзалиев Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, белгилүү илимпоз, дасыккан адис, Кыргызстандагы неврология жана медициналык генетиканы изилдөө жана өнүктүрүү жаатындагы илимий мектептин негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон.
Анын илимий эмгектери терең, оригиналдуу ой жүгүртүлгөндүгү, клиникалык кылдат изилдөө менен патофизиологиялык анализди айкалыштырууга умтулуусу менен айырмаланат.
Мурзалиев бүткүл өмүрүн кыргыз медицинасынын неврологиялык кызматын түптөөгө арнаган. Учурда Кыргызстандагы невропатологдордун баары — анын шакирттери. Айрым шакирттери академик наамына ээ болуп, тиешелүү медициналык кызматтарды уюштурууга жетишти.
Өлкөнүн биринчи адамдары, президенттин жана өкмөттүн администрациясынын аткаминерлери, белгилүү дарыгерлер маркумдун жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Некрологдун толук текстин шилтемеден окуңуздар.
Айылына барып кайтыш болду. Молдомуса Конгантиев менен коштошуу. Видео