РФтин өкүлү: ЮНЕСКОдо Россияга жалаа жабууну каалашкан, бирок ишке ашкан жок

Атайын өкүлдүн орун басары бул кооптуу прецедентти жаратып, ЮНЕСКОнун салттуу мандатына көлөкө түшүрө турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. ЮНЕСКОдо Украинадагы кырдаалдан улам Россияга жалаа жабууну көздөшкөн, бирок бир добуштан айыптоо өтпөй калды. Бул туурасында Россиянын аталган уюмдагы өкүлүнүн орун басары Татьяна Довгаленко билдиргенин РИА Новости жазды.
ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында 15-16-март күндөрү уюмдун аткаруу кеңешинин жетинчи кезексиз жыйыны өткөн. Ал Батыш өлкөлөрүнүн демилгеси менен кезектеги 214-жыйынга эки жума калганда уюштурулган.
Довгаленко уюм 75 жылдык тарыхында бир да жолу кандайдыр бир жаңжал боюнча атайын сессия өткөрбөгөнүн эске салды.
"Эмнеге (сессияны уюштурганы — ред.) экени түшүнүктүү, бизге коомчулуктун алдында жалаа жабууну каалашкан. Бирок мындай аракет көп өлкөлөргө жаккан жок, себеби алар чуу түшүп жаткан батышчылдар өздөрүнүн геосаясий амбициясын канааттандыруу үчүн уюмду барымтага алууга даяр экенин түшүнүшөт", — деди ал "Соловьев Live" долбоорунун эфиринде.
Ошону менен катар атайын өкүлдүн орун басары бул кооптуу прецедентти жаратып, ЮНЕСКОнун салттуу мандатын булгай турганын белгиледи.
"Ооба, ЮНЕСКО эстеликтердин, тарыхый мураска кирген объектилердин тагдырына камтама болуп жатканын айтууда. Бирок кечириңиздер, ушул эле уюм биз тынбай чакырык таштаганыбызга карабай Сириянын уникалдуу мурастарын сактап калууга жана активдүү жардам көрсөтүүгө кол шилтеп койгон", — деди Довгаленко.
Ошондой эле ал кош стандарт болуп жатат деп сындады. Анын айтымында, ЮНЕСКОнун сессиясында Россияны бир добуштан айыптоо өтпөй калды, себеби көп өлкөлөр позициясын карманып жана кошулбай турганын билдиришкен.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Садык Шер-Нияз ЮНЕСКО сессиясында Украина боюнча текстти сынга алды. Видео