Бетине, төшүнө бычак урган. Мурдагы аялына кол салган казакстандык кармалды

Окуя жыл башында болгон. Ошол убакта Талды-Коргондо массалык башаламандык башталып, эркек киши кырдаалдан пайланып шаардан качып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Талды-Коргондо мурдагы аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип, жыл башынан бери изделип жаткан 30 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Алматы облусунун полиция департаменти билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Январдын башында полицияга 28 жаштагы аялдын бычакталып ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келген. Денеси кескиленгени, жаракаттар бетинде, мойнунда, төшүндө жана колунда болгону, ага кошумча токмок жегени айтылат.
Окуяны териштирүүдө аялга дүкөндөрдүн биринен ага үч жыл мурда ажырашып кеткен күйөөсү кол салып, андан соң из жашырып кеткени белгилүү болгон.
Ошол убакта Талды-Коргондо массалык башаламандык башталып, эркек киши кырдаалдан пайланып шаардан качып кеткен. Укук коргоо органдары эл аралык деңгээлде издөөгө алган.
Күн мурун кылмыш иликтөө тобу шектүүнү Кустанай облусунун Лисаковск шаарынан таап, камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ошто аялды кыйнап өлтүрүүгө шектелген киши 11 жылдан кийин Москвадан кармалды