"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жакында жарык дүйнөгө келчү ымыркайын балалуу боло албаган кайнагасына бергиси келбей жаткан келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Биз жолдошум экөөбүз кайната-кайнене менен чогуу турабыз. Өзүбүздүн (кайнатамдын) чоң үйүбүз бар. Жолдошум деле жакшы, базарда иштейт. Чүйдө жашайбыз. Кайын журтумдун катышы да көп. Кыскасы, элдин арты да, алды да эмес, эл катары жакшы турмушубуз бар. Бирок ар бир үйдө көйгөй болот экен. Мен келин болуп келгенде кайнагам бойдок эле, аялы менен жаңы эле ажырашып кеткен экен. Кийин кеч үйлөндү. Үй-бүлө курганына эки-үч жылдай болуп калды. Өзүнчө турушат. Үйү, жумушу бар. Бир гана баласы жок. Биринчи жубайы менен да балалуу боло албай ажырашыптыр. Көрсө, көйгөй кайнагамда экен. Азыр да "аялы менен ажырашып, турмушу бузулбаса болду" деп кайненем кудайдан тилеп отурат. Кайнатам экөөнүн кайгысы эле – ошол баласы.
Биздин болсо төрт балабыз бар. Кайнатам неберелерин абдан жакшы карайт. Азыр да кош бойлуумун. Эки айдан кийин көз жарам. Бирок кайненем курсагымдагы баланы кайнагама беришим керектигин ачык эле айтып жатат. Ага чейин четин чыгарып калчу, бирок бул темада ачык сүйлөшкөн эмеспиз. Бергим келбей жатканын айтсам, "ал эмне бөлөк беле? Бөпөлөп багып алат. Бала көз алдыңда чоңоёт" дейт. Кайнатам да кайненеме айттырып жатканын билип жатам. Кайнагам менен абысыным да үмүттөнүп, оң жооп күтүп жүрөт окшойт. Мен бергим келбей жатат. Балаңды бирөөгө берип коюу оңой эмес го, бирок байкуш кайнагама боорум ооруйт. Турмушу бузулбаса дейм. Бир туруп маңдайына кудайдын жазганы ошол болсо менин кандай күнөөм бар деп ойлоном. Жолдошум "сен берели десең, макул" дейт. Ал деле бир тууганына боору ооруйт, бирок "беребиз" деп чечкиндүү айткан жок.
Бербей койсом кайындарым менен мамилем бузулуп кетиши да мүмкүн болуп турат. Кайнагам ажырашып кетсе мени жаман көрүп калышат. Кандай кылышты билбей турам.
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Сиз абдан жакшы үй-бүлөгө келин болгон экенсиз. Катыңыздан барган жериңиз жетиштүү, нарктуу бүлө экени көрүнүп турат. Эми кайнагаңыздын маселесине келсек, албетте, өкүнүчтүү. Сиз балаңызды бербей койсоңуз кайындарыңыз менен мамилеңиз жакшы болбой каларын айтып коркуп жатасыз. Андай болушу мүмкүн эмес, анткени сиз ал жакта орун-очок алып, төрт баланын энеси болдуңуз. Кайната-кайненеңиз да неберелерин абдан жакшы көрүп, камкор мамиле жасашат экен.
Сиз ымыркайыңызды берип койгон күндө эле кайнагаңыздын турмушу бузулбай, бактылуу жашап кетерине көзүңүз жетеби? Бул жагын да терең ойлонуңуз. Негизи өзүңүздүн энелик сезимиңизге да карашыңыз керек. Баланы бергенге психологиялык жактан даярсызбы? Албетте, берсеңиз деле бала көз алдыңызда өсөт. Бирок баланын психикасына, өнүгүшүнө доо кетип калат. Анткени бизде буга байланышкан көптөгөн мисалдар бар. Бала чоңойгондо мени эмне үчүн берип салды экен деген ой менен биологиялык ата-энесине таарынат же комплекстер пайда болот. Мунун баары баланын психикасына абдан таасир этет. Баланы бер же бербе деп айтуу мүмкүн эмес.
Баланы буюм катары карабаш керек. Өзүңүздүн акыбалыңызды эмес, баланын келечегин ойлонуу зарыл.