Жекшембиге карата аба ырайы

20-мартка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жекшембиде абанын температурасы Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында +1...+6, Талас аймагында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +8...+13 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +4...+6 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +10...+12 градуска жетери болжолдонду.
Сүмөлөк кантип жасалат — Нооруздун майрамдык тамагы
Нооруз күнү Бишкектин борбордук көчөлөрү бир күнгө жабылат. График