БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Монополияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков Бишкектеги "Орто-Сай" базарына барып, эл көп колдонгон азык-түлүктүн бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Анда төрага соодагерлер кумшекер, өсүмдүк майы, ун жана жашылчаларды канчадан сатып жатканына көз чаптырган.
"Айрым жерлерде кумшекердин бир килограммы 70 сомдон сатылып жатат. Анын ичинде Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынган продукция бар. Кумшекерди 85 сомдон саткандар да аныкталган. Түшүндүрүү иштеринен кийин баалар түштү", — деп айтылат маалыматта.
Соодагерлер кумшекерди дүңүнөн саткандардан аларын айтып, баа күндө өзгөрүп жатканын белгилешкен.
Монополияга каршы күрөшүү кызматы баалардын көтөрүлүп кетишине жол бербөө үчүн кызматтын өкүлдөрү бардык аймакта мониторинг жүргүзүп турарын эскертти.
Эске салсак, Монополияга каршы күрөшүү кызматы калктын аялуу катмарын коргоо үчүн ӨКМдин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынган кумшекер менен суу майдын баасын бекиткен. Анда кумшекердин бир килограммы 65 сом, суу майдын литри 124,5 сом деп жазылган.