Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: атайын операция бардык маселени камтыган келишим менен аяктайт

Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын атайын операциясы коопсуздук кепилдиги бар Украинанын нейтралдуу макамы тууралуу келишим менен аяктайт. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров "Лидеры России" аттуу эл аралык тректин финалында катышуучулар менен жолугушуу учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Операция коопсуздук кепилдиги бар Украинанын нейтралдуу макамы, коопсуздук сыяктуу бардык маселелерди камтыган документтерге кол коюу менен аяктайт деп үмүттөнөм", — деген ТИМ башчысы.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын каражаты да, акыркы үлгүдөгү куралы да абалга таасир эте албайт. Сереп
Владимир Путиндин элине жасаган кезектеги кайрылуусу