Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Си Цзиньпин: Кытай менен АКШ эл аралык жоопкерчиликти өзүнө алышы керек

Жума күнү эки мамлекеттин өлкө башчылары сүйлөшүп, Украинадагы кырдаалды талкуулашты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Жо Байден телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Си Цзиньпиндин айтымында, Кытай Украинаны кризис абалында көргүсү келген эмес. Азыркы кырдаал мамлекеттер арасындагы мамиле аскердик тирешүүгө чейин жетпеши керектигин айтып турат.
Ошондой эле Си Цзиньпин АКШ менен Кытай эки тараптуу гана мамилени өнүктүрбөстөн, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана дүйнөдөгү экономикасы күчтүү мамлекет катары өзүнө эл аралык жоопкерчиликти алып, глобалдык тынчтыкты жана бейпилдикти сактоого күч-аракетин жумшашы керектигин белгилеген.
Мындан сырткары, ал АКШ менен Кытайдын мамилеси дагы деле туңгуюктан чыга элек экенин, буга Американын мурдагы администрациясы күнөөлүү экенин айткан.
Ал эми АКШ президенти Жо Байден АКШ Украинадагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Кытай менен диалогду улантууга даяр экенин белгилеген.
Си Цзиньпин Пекин ар дайым тынчтыкты жактай турганын, согушка каршы экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Кытай Россияны колдосо, чара көрөбүз