Бишкекте доллар менен күйүүчү май дагы кымбаттадыбы? 19-мартка карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жума күнү эртең менен Кыргызстанда доллардын курсу (сатуу) 98,5 сом болсо, бир күн ичинде баасы өсүп, айрым банктарда 102 сомго жеткен. Бүгүн Valuta.kg сайтындагы маалыматтарга караганда, АКШ валютасын орточо эсеп менен 97 сомдон алып, 99,81 сомдон сатууда.
Евро да кымбаттап, сатып алуу жана сатуу 1,2 сомго өскөн. Теңге менен рублдин курсу кайра түштү.
Доллар:
Сатып алуу — 97 сом;
Сатуу — 99,81 сом.
Евро:
Сатып алуу — 107,05 сом;
Сатуу — 110,50.
Рубль:
Сатып алуу — 0,85 сом;
Сатуу — 1,02 сом.
Теңге:
Сатып алуу — 0,13;
Сатуу — 0,20 сом.
Күйүүчү майдын баасы өзгөргөн эмес.
"Газпром нефть Азия" түйүнүндө АИ-92 күйүүчү майы 62,5 сомдон, АИ-95 түрү 66,5 сомдон сатылууда. Ал эми Бишкек Петролеумда АИ-92 күйүүчү майы 62,9 сомдон, АИ-95 65,9 сом болууда. Улуттук банк дем алышта алтын куйма сатпайт.
Кыргызстанга сырттан автоунаалар агылып киреби? Бааларга сереп