Бишкекке бир күн мэр болгон Нургазиев шылуундукка шектелип кармалды

Эрмек Нургазиев бир нече жыл мурун сатылган батирлерди кайра саткан деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткарган Эрмек Нургазиев кармалганын милициядан кабарлады.
Эскерте кетсек, Нургазиев өткөн жылдын 9-февралында мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, эртеси премьер-министр тарабынан кызматтан алынган. Соцтармакта анын дарегине сын айтылып, шылуундукка айыпталып, аялга кол көтөргөн окуясын да эстешкен.
Нургазиевдин кармалышынын чоо-жайын билүү үчүн редакция Чүй облустук ИИББге кайрылды.
"2019-жылдын июль айынын башында Октябрь РИИБге Н.Э. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн жамааттык кат келген. Анда турак жай-курулуш кооперативинин төрагасы болуп турган Н.Э. сатылган батирлерди кайрадан сатканы айтылган. Натыйжада 68 550 долларлык зыян келтирилген", — деди милициядан.
Аталган факт Октябрь РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган. Үстүбүздөгү жылдын 17-мартына прокуратура органдары тарабынан бул сотко чейинки өндүрүштү тергөө Чүй облустук ИИББге тапшырылган.
"18-март күнү аталган кылмышка шектүү катары Н.Э. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнүн үстүнөн 7 арыз түшүп, 4 700 доллар жана 309 000 сом зыян келтиргени аныкталды. Жалпы жонунан зыяндын көлөмү 73 250 доллар жана 309 миң сом деп бааланууда ", — деп айтылат маалыматта.
Милиция шектүүдөн жабыркагандар болсо 102 номери аркылуу байланышууну өтүндү.
Милиция: Ошто элди алдаган делип кооперативдик ишкананын жетекчиси кармалды