Мен үчүн иш маанилүү! Министр Бейшеналиев аны сындап жаткандарга жооп берди

Министр коомчулукта айрымдар анын иштеп жаткан ыкмасын сындап жатканын айтып, кээде кармана албай каларын моюндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Коомчулукта айтылган сын-пикирлерге карабай реформа жасоону уланта берем. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Министр коомчулукта айрымдар анын иштеп жаткан ыкмасын сындап жатканын айтып, кээде кармана албай каларын моюндаган.
"Бирок силер дагы мени түшүнгүлө. Кооз сүйлөй албайм. Медицина азыр мышык ыйлаарлык абалда. Же туура эмеспи? Бул жаатты медицинадагы ишкерлер менчиктештирип алганы жалганбы?" — деген ал.
Бейшеналиев аймактарда медиктер тартыш экенин, заманбап медициналык жабдуу жетпей, мамлекеттик лабораториялар иштебей турганына да токтолгон.
"Саламаттык сактоо системасынын башкармалыгына аткаминер катары эмес, практик катары келгем. Мен көп сүйлөп, аз иштегендерден эмесмин. Мен үчүн иш сөздөн да маанилүү. Колдонгон ыкмаларым орой экенин мойнума алам. Бирок биздин медицинанын азыркы абалын көргөндө эмоцияны тизгиндөө кыйын. Ошол себептен кээде кармана албай калам. Мурдагыдай кооз отчётторду берип отура бергеним жакшы болмок беле?" — деген министр.
Ал Исманкуловдун клиникасына байланышкан чуу боюнча да үн каткан.
"Баары Бейшеналиев Исманкуловду кубалап жатканын көрдү. Бирок чынында негизги себебин ойлошкон да жок. Ал мамлекеттик мекемеге мамлекеттин акчасына коммерциялык оорукана ачып алган. Ушунча убакыттан бери Исманкулов өзүнүн бизнесин түптөп алып, насыяны кайтарып берүүгө эмне тоскоол болду? Жок, ал жогорку жактагылардын колдоосу менен жакшынакай иштеп, акча таап отурган. Мен коомчулукта айтылган сын-пикирлерге карабай реформа жасоону уланта берем. Медицинаны жеткиликтүү жана заманбап кылам", — деген Бейшеналиев.
Министр жарандык коомду, жаштарды саламаттык сактоо системасынын абалын анализдеп чыгып, медицинаны жакшыртуу үчүн биригүүгө чакырган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Депутаттар министр Бейшеналиевдин Акрамовдон кечирим сурашын талап кылды