Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барып, суу боюнча тапшырма берди

Өкмөт башчы учурда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады
Анда станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат угулганы айтылат.
Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо, ошондой эле 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 миллиард метр кубга жеткирүү тапшырмасын берди.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы инфраструктуралык объектилерди кыдырды
Кыргызстан энергетикалык кризистен кантип чыга алат? Ойлонтчу видео