БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. БУУ системасындагы Дүйнөлүк туристтик уюмдан (UNWTO) Россияны чыгарып салуу бардык тараптарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
Буга чейин аталган уюмдун аткаруу кеңеши кезексиз жыйын өткөрүп, анда Россияны мүчөлүктөн чыгаруу маселеси караларын кабарлаган.
"UNWTO БУУ системасында экенине карабай, башкы катчы ага эч кандай таасир эте албайт. Бирок ал Россияны тизмеден чыгаруу бүтүндөй системанын ишине терс таасирин тийгизет деп эсептейт", — деди Дюжаррик.
Россияны уюмдан четтетүү демилгесин Гватемала, Литва, Польша, Словения жана Украина мамлекеттери көтөрүп чыккан. Уюмга мүчөлүк кылгандардын 72 пайызы бул маселени кароо боюнча жыйын өткөрүү идеясын колдошкон.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.