Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров Украинадагы абал боюнча интервью берди. Маектин урунттуу учурлары

ТИМ башчысы Украинадагы абал жана Россиянын позициясы жөнүндө айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Russia Today телеканалына интервью берди.
Лавров маек берип жатып учурдагы дүйнөлүк күн тартиби, Украинадагы абал жана Россиянын позициясы жөнүндө айтып берди.
Урунттуу учурлар:
Россияга каршы беш миңден ашык жеке санкциялар салынды, бул — рекорд. Батыштын санкциялык басымы уланат, дагы бир толкуну болушу мүмкүн, бирок Россия буга көнүп бүттү. Бул нерсе өлкөнү, тескерисинче, бекемдеп жатат;
Россия өзүнө жана калган союздаштарына гана ишенет. Ал эми Батышка мындан ары ишенич жок;
Москва Россия, Украина жана башка бардык Европа мамлекеттери үчүн жалпы колдонулган коопсуздук кепилдигин алгысы келет;
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ конгресси Америка менен Россиянын тирешине түрткү берет деп үмүт артууда;
Учурда Россия менен Украинанын мамилелери акылга сыйгыс абалда. Россиялыктардын Украина элине эч качан эч кандай кинеси болгон эмес, алар маданият жана дүйнө таанымы боюнча бири-бирине абдан жакын. Бул абал соңуна чыкканда акырындык менен баары өз калыбына келет. Бирок калыпка келүү Батыштагы кесиптештердин аракети менен бат эле боло калбайт;
АКШ Американын айтканын кыла турган бир полярдуу дүйнө курууга аракет кылып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: АКШ бүт дүйнө алардын оозун карап турса дейт
Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо