Бул иштерди 2021-жылы августта ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдында түзүлгөн Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга жана баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалык жүргүзгөн.
Башкармалык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү багытында 60 фактыны аныктаган. Ошондой эле кызматкерлер Россия жана Казакстандагы кесиптештери менен улуттар аралык баңгилик топторду жок кылуу боюнча эл аралык операцияларды өткөрүп, натыйжада 65 килограммдан ашуун баңгизат жана психотроптук заттар алынган.
Мындан сырткары, коңшу мамлекеттердин атайын кызматтары менен биргеликте синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу баңгилик лабораториялар аныкталып, 30 килограммдан ашуун тыюу салынган заттар алынган.
Башкармалыктын кызматкерлери Darknet, ViPole, Telegram жана башка интернет аянттарында тыюу салынган заттарды сатуучу жактарды аныктоо үчүн дайыма мониторинг жүргүзүп турушат. Натыйжада былтыртан бери 30 дүкөндүн ишине бөгөт коюлган.
Кезектеги мониторинг жүргүзүү учурунда 2021-жылдын декабрында баасы 10 миллион сомго жакын психотроптук заттар менен баңгизатын жасаган лаборатория жок кылынганы белгиленди.
Учурда тиешелүү органдар менен интернет-дүкөндөрдүн ишине бөгөт коюу боюнча механизм иштелип жатканы кошумчаланды. Ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү жаңы мыйзамдарды учурга ылайыктап киргизүүнү талкуулаган. Бул кызматкерлердин баңгилик кылмыштарды аныктоодогу жумушун жеңилдетмекчи.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Тема боюнча: