Бишкекте кайгуул милиция айдоочуга курал кезеди. Видео

Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө 12-кичи райондо болгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкекте кайгуул милициясынын кызматкери мотоциклчен адамга курал кезеди.
Окуя болгон учурда тартылган видеону активист Болот Ибрагимов социалдык тармакка жүктөгөн. Кадрларда көрүнүп тургандай, милиционер айдоочуга курал кезеп, жанында турган кесиптеши ага тапанчаны түшүр дегендей жаңсап жатат. Көп кабаттуу үйдөгү батирдин терезесинен тартып жаткан киши атпа деп суранат.
Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу окуя түндө болгонун айтты. Маалыматка караганда, Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган айдоочуну инспекторлор токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал качып барып, 12-кичи райондо колго түшкөн. Окуя дал ошол жерде болгон.
Ошондой эле милициядан билдиргендей, кийин айдоочу наркология бөлүмүнө жеткирилип, ичип алып рулга отурганы аныкталган.
Жыйынтыгында айдоочуга карата беш протокол түзүлдү. Ал эми жаранга курал кезеген кызматкердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Милиция арызды албай, акча сурап же коркутса кайда кайрылуу керек. Видео
Жыл башынан бери Бишкекте 57 миң ирет жол эрежеси бузулган. Айыптын суммасы