Эскертүү! Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн

ӨКМ айдоочуларга жолго чыкканда жанына трос, чынжыр жана керектүү каражаттарды салып алууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-128 жана 132-255-чакырымдарында тынбай жаап жаткан жаан-чачындан улам кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Учурда жолдор тайгак болуп, муз тоңгону кабарланган.
Буга байланыштуу айдоочуларга жолго чыкканда жанына трос, чынжыр, ошондой эле дары-дармек, жылуу кийим, тамак-аш, чай жана таза суу салып алуу сунушталды.
Мындан сырткары, пландалган иш сапарларды кийинки күндөргө жылдырып туруу зарыл экени да айтылды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Долонго көчкү түшүп жаткан учурдун видеосу