Долондо 20 метрлик кар көчкү жатат, жол ачыла элек. Видео

25-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлгөндүктөн, облус жетекчилиги жергиликтүү элден жолго чыкпай туруусун өтүнүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Эске салсак, 17-мартта болжол менен саат 10:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 296-297-чакырымында (Долон) кар көчкү түшкөн.
"Учурда жеринде 12 атайын техника иштеп жатат. Облуста жетишсиз болгондуктан, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан техника тартылды. Тиешелүү тармактардын 80ден ашык кызматкери түнү менен иштеди", — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМдин Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Талант Асымкуловдун айтымында, 17-мартта түшкө чейин аталган автожолдун 296, 294-чакырымдарына жалпы 1 миллион 125 миң куб кар көчкүсү түшкөн. Түштөн кийин 295-чакырымында 2,7 миң куб кар көчкөн. Учурда бийиктиги 15-20 метрге жеткен кар көчкүсү жолду бөгөп жатат.
1 / 3

Бишкек — Нарын — Торугарт автожолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда

2 / 3

Эске салсак, 17-мартта болжол менен саат 10:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 296-297-чакырымында (Долон) кар көчкү түшкөн.

3 / 3

ӨКМдин Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Талант Асымкуловдун айтымында, 17-мартта түшкө чейин аталган автожолдун 296, 294-чакырымдарына жалпы 1 миллион 125 миң куб кар көчкүсү түшкөн

Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Талант Өскөнбаевдин маалыматы боюнча, кар көчкү үстүбүздөгү жылдын 12-мартынан бери тынбай жааган кардын кесепетинен болгон. Учурда 290-297-чакырымдарына дагы көчкү түшөрү күтүлүүдө.
"Жолдо калган жүргүнчүлөргө Нарын районунун администрациясы тарабынан жардам берилди. Оттук айыл өкмөтүндө жалпы 8 жылытуу пункту уюштурулуп, 84 жүргүнчү жайгаштырылды. Бактыга жараша, жабыркагандар жок", — деп айтылат билдирүүдө.
25-мартка чейин туруксуз аба ырайы күтүлгөндүктөн, облус жетекчилиги жергиликтүү элден жолго чыкпай туруусун өтүнүүдө.
Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү атайылап түшүрүлүп жатат. Сүрөт
Эскертүү! Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүшү мүмкүн