Жогорку Кеңеш унаалардын терезесин караңгылатуу мыйзамын кабыл алды

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Добуш берүү учурунда 50 депутат макул, 29у каршы позициясын билдирди.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бир унаанын терезесин караңгылатуунун жылдык акысы 50 миң сомдун тегерегинде болот. Так баасын министрлер кабинети мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет.
Алдын ала божомол боюнча, мындан бюджетке жылына 500 миллион сом түшөт.
Мында унаалардын алдынкы терезеси караңгылатылбайт, алдынкы эки капталындагы терезелерине гана уруксат берилет.
Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Кыргызстанга сырттан автоунаалар агылып киреби? Бааларга сереп
Акаев: унаалардын терезесин криминалдар менен көпкөн адамдар караңгылатат