Депутаттар мыйзамсыз курулган 120 миң үйгө документ берүүгө макулдук берди

Мыйзам күчүнө кирсе өлкө боюнча 30 миң гектар жер мыйзамдаштырылып, турак жайына документ берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда жерлерди басып алып турак жай курган 30 миң гектар жерди документтештирүү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Мунапыс мыйзамына сунушталган 30 миң гектар жерге 105 миң турак жай, 16 миңге чукул фундамент уруксатсыз тургузулган.
Анын ичинде Бишкек шаарынын 44 жаңы конушунда мыйзамсыз курулган 6 382 үй бар. Азыркы тапта 3 589 үйдү мыйзамдаштырса болот, 2 793ү санитардык нормага дал келбегенине байланыштуу каралып жатат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Бишкектеги жаңы конуштун жашоочуларына 600дөн ашуун техпаспорт берилди