Радио

Абыканов: турак жай кооперативи качан үй аларыңды айтпайт

Юрист Адилет Абыканов турак жай курулуш кооперативи аркылуу үй алгандардын укуктарын тизмектеп берди.
Sputnik
Турак жай кооперативине кирген жарандар кардар эмес мүчө болуп катталат. Демек, ал маалымат алууда финансылык отчётторду убагында билүүгө укугу бар. Бул тууралуу Адилет Абыканов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жай курулуш кооперативи аркылуу үй алууда уюмдун ишмердүүлүгүн дыкат текшерип, келишим түзүүдө бардык нюанстарга көңүл буруу кажет.
"Учурда турак жай кооперативдеринин саны көбөйүп кетти. Алардын арасында толук маалыматы жок адамдар да бар. Жарандар кооперативдин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин Юстиция министрлигинин сайтына кирип билип алса болот. Ал жакта маалыматтар ачык. Кооперативдин уставы менен таанышып, максатын да билүү маанилүү. Турак жай курулуш кооперативи аркылуу үй алууда уюмдун ишмердүүлүгүн дыкат текшерип, келишим түзүүдө бардык нюанстарга көңүл буруу кажет. Жарандар кардар эмес мүчө болуп катталат. Андыктан бардык финансылык отчётторду талап кылууга, чогулуштарга катышууга, жетекчи шайлоого укуктуу. Турак жай кооперативи качан үй аларыңды айтпайт. Ал мүчөлөрдүн санынан жана кошкон каражатына байланыштуу болот", — деди Абыканов.
Ошондой эле адис КРдин "Кооперативдер жөнүндө" мыйзамына учур талабына жараша өзгөртүү киргизүү керектигин кошумчалады.