Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кыргызстандын ТИМ башчысы Украинанын элчисин кабыл алды

Министр азыркы чыр-чатакка жаңы мамлекеттердин тартылышы абалды курчутуп жиберерин, бул нерсе жай тургундардын өлүмүнө жана кыйроолорго алып келиши мүмкүн экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-украин мамилелери менен Украинадагы учурдагы абал талкууланганын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Казакбаев дүйнөлүк коомчулук беделдүү эл аралык уюмдардын аянтчасында, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңеши аркылуу кризисти алдын ала албай койгонун айтып, натыйжада дүйнө катастрофа алдында турганын белгилеген.
Кыргызстандын Украинадагы абал боюнча позициясы министр тарабынан бардык жолугушууларда айтылып келгенине өзгөчө басым жасалды.
Казакбаев кандай гана конфликт болбосун саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин, кызыкдар тараптардын бардыгы кырдаалды турукташтыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышы зарыл экенин белгилеген. Ошондой эле мурдагы механизмдер натыйжа бербей жатса жаңы форматты түзүүнү сунуштаган.
"Кыргыз Республикасы БУУнун уставында жана башка документтерде белгиленген, жалпы таанылган нормаларды жана эл аралык укуктардын принциптерин сактоону, ошондой эле мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдой турганы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россия элчиси менен жолукту
Казакбаев Россия менен Украинанын жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрү уланып жатканын колдоп, бардык мамлекеттердин ортомчулук аракеттери менен демилгелери куралдуу чыр-чатакты токтотуп, тынчтыкка жетүүгө багытталганын кошумчалаган. Министр кыргыз тарап керек болгон учурда сүйлөшүүлөргө аянтча болуп бере аларын дагы бир ирет тастыктаган.
Санкциялардан улам экономика узак мөөнөткө төмөндөп, мындан дүйнө жүзү, айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жапа чегип калуу ыктымалдыгы тынчсыздандырып жатканы айтылган.
Министр азыркы чыр-чатакка жаңы мамлекеттердин тартылышы абалды курчутуп жиберерин, бул нерсе жай тургундардын өлүмүнө жана кыйроолорго алып келиши мүмкүн экенин кошумчалаган.
Мындан тышкары, Украинадан Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин жарандарын эвакуациялоо, бул максаттар үчүн коридор түзүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.
Лавров Россия менен Кыргызстандын алакасындагы маанилүү учурларды атады