Долон ашуусу убактылуу жабылды. Видео

Көчкү бүгүн болжол менен саат 10:00дө түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 296-297-чакырымында, тактап айтканда, Долон ашуусуна көчкү түшкөндүктөн жол убактылуу жабылды. Бул туурасында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Көчкү бүгүн болжол менен саат 10:00дө түшкөн.
Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү Бишкек — Нарын жана Нарын — Бишкек багытындагы автоунаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Азыркы учурдагы жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", — деп кабарланган маалыматта.
Аталган кызматтан зарылдык болсо кошумча маалымат берип турушарын айтышты.
Кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы