Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы инфраструктуралык объектилерди кыдырды

Жапаров "Кербен" аэропортун дагы көрүп чыгып, бул объектини үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Билдирмеге караганда, Жапаров алгач Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулуш иштери кандай жүрүп жатканын көргөн

2 / 3

Андан соң ал Кербен шаарындагы тогуз чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты

3 / 3

Акылбек Жапаров "Кербен" аэропортун дагы көрүп чыгып, бул объектини үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырган

Билдирмеге караганда, Жапаров алгач Аксы районундагы Ак-Терек каналынын курулуш иштери кандай жүрүп жатканын көргөн. Объектини 2026-жылга чейин куруп бүтүү белгиленген. Министрлер кабинетинин төрагасы долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырган.
"Андан соң ал Кербен шаарындагы тогуз чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, автоунаалардын каттоосуна ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 миллион сом", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров "Кербен" аэропортун дагы көрүп чыгып, бул объектини үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырган.
Өкмөт Координациялык кеңеш түздү. Максаты
Жаңы түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды