БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев УКМКдан диплому жасалма делген парламентарийлердин аты-жөнүн атоону өтүндү.
"ЖМКлар Жогорку Кеңештин төрт депутатынын диплому жасалма деп жазып жатышат. Элди дүрбөлөңгө салбай УКМК ошолордун атын атап койбойбу. Менин душмандарым эртең менен "Ажибаевдин диплому жасалма" деп айтып чыгыптыр. Мен беш жыл өз күчүм менен окуганмын", — деди Ажибаев.
Башкы прокуратуранын өкүлү диплом тууралуу интернетке жарыяланган кабарлар алдын ала маалымат болуп эсептелерин, тергөөнүн купуялуулугу үчүн азырынча аты аталбай турганын айтты.
Андан соң төрага Талант Мамытов бул маселени бүдөмүккө салбастан ачык-айкын айтууну сунуштады. Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берип, кыска аралыктын ичинде депутаттардын аты-жөнүн ачыктоону талап кылды.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-мартта, УКМК Жогорку Кеңештин төрт депутаты жасалма диплом алган деп шектелип жатканын билдирген.