БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Вестерн Юнион" 2022-жылдын 24-мартынан тарта Россия менен Беларустун аймагында ишин токтотот. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылган.
Кат "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" компаниясынан келген.
"2022-жылдын 24-мартынан тартып "Вестерн Юниондун" банк эсебин ачпай туруп акча которгон системасы өз ишин Россия жана Беларуста токтото тургандыгы жөнүндө "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү келип түштү. Ага ылайык, Россия жана Беларустан "Вестерн Юнион" системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөп берилет", — деп айтылган маалыматта.
Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө (Россия менен Беларустан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга (Россия менен Беларустан тышкары) бардык акча которуулар кадимки калыбында жүргүзүлөрүн белгилешти. "БКУ "Вестерн Юнион ДП Восток" ЖЧКсы маалымдагандай, компания мындан ары да Кыргызстандын өнөктөштөрү, тагыраагы, коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткара берерин билдирген.