Мандат алган Сурабалдиева менен Абдалиев парламентте ант берди

Мыйзам боюнча эл өкүлдөрү ант берген күндөн тартып кызматка расмий түрдө киришет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган Эльвира Сурабалдиева менен Мейкинбек Абдалиев парламентте ант берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев парламентте ант берди
Мыйзам боюнча эл өкүлдөрү ант берген күндөн тартып кызматка расмий түрдө киришет.
Сурабалдиева Биринчи май округунан шайланып келди. Ал буга чейин VI чакырылыштын депутаты, вице-премьер кызматтарын аркалаган.
Абдалиев "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган Равшан Сабировдун ордуна келди. Ал VI чакырылыштын депутаты болуп бир жылдан ашыгыраак убакыт иштеген.
Сот, депутат, медиги бар. УКМК диплому жасалма деп шектелгендерди ачыктады