Садыр Жапаров чек ара чырында көз жумган тургундун бүлөсүнө унаа берди. Сүрөт

Маркумдун артында жубайы жана алты баласы калган. Автоунааны мамлекет башчынын атынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Былтыр апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Тажикстандын аскерлеринин огунан курман болгон 44 жаштагы Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан Lexus RX автоунаасы белекке берилди. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Унааны мамлекет башчынын атынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырган.

2 / 2

Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип турарын белгилеген

Унааны мамлекет башчынын атынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырган.
Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип турарын белгилеген.
"Чек ара окуясында курман болгон Мамасалы Каратаевдин унаасы талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчы кайрылууну угуп, үй-бүлөсүнө унаа тапшырды", — деп жазылган маалыматта.
Президентке Каратаевдин үй-бүлөсү ыраазылыгын билдирген.
Бул үй-бүлө Мадина шаарчасында жашайт. Маркумдун артында жубайы жана алты баласы калган.
Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери жолукту. Чечимдер