Орто-Токой суу сактагычына балыктын 900 миң чабагы коё берилди. Видео

Буга чейин суу сактагычка балыктарды Айыл чарба министрлиги коё берип келген, быйыл ишти тендердин жыйынтыгы менен жеке ишкана колго алды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Нарындын Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычына балыктын 900 миң чабагы коё берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы маалымдады.
1 / 3

Нарындын Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычына балыктын 900 миң чабагы коё берилди

2 / 3

Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин өкүлдөрү, Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев, Ак-Өлөң айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиев жана башкалар катышкан.

3 / 3

Суу сактагычка сига балыгынын чабактары "Орто-Токой ынтымагы" ЖЧКсы тарабынан коё берилген

Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин өкүлдөрү, Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев, Ак-Өлөң айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиев жана башкалар катышкан.
Суу сактагычка сига балыгынын чабактары "Орто-Токой ынтымагы" ЖЧКсы тарабынан коё берилген. Анын мүчөсү Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, буга чейин мындай ишти Балык чарба департаменти менен Орто-Токой айылынын жаштары аткарып келсе, быйыл аны тендердин жыйынтыгы менен аталган ЖЧК колго алган.
"Орто-Токой суу сактагычына коё берилген чабактар Тоң районундагы балык өстүрүүчү ишканада чоңойтулган. Бул жерге каалаган учурда барып, балык кармоого уруксат берилбейт. Ижарага алган жеке компания берген билет менен гана азыраак санда кармоого болот. Бирок суу сактагычтын аймагында орнотулган "Балык кармоого тыюу салынат" деген такталарга карабастан, торлор менен балык уулаган браконьерлер кездешет", — деди Сыдыгалиев.
Ал браконьерлерге каршы күрөшүү үчүн тиешелүү кызматтар жана органдар менен иш алып барып жатканын кошумчалаган.
Орто-Токой — Кыргызстандагы эң алгачкы курулган жана өлкө боюнча эң чоң үч суу сактагычтын бири. Ал балык өстүрүүчү жай катары да катталган.
Нарында калктын аяр катмарына алма көчөттөрү бекер таратылды. Сүрөт
Радио
Агроном: өлкөдө шор баскан аймактар көбөйдү