Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: Киев австриялык же швециялык мамлекет вариантын сунуштап жатат

Президенттин жардамчысы Россия үчүн Крым менен Донбасстын статусу, орус тилдүү элдин укугу жана денацификация боюнча маселе маанилүү суроолордон болуп кала берерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Киев сүйлөшүүлөрдө Украинада демилитаризацияланган мамлекеттин австриялык же швециялык вариантын (өзүнүн армиясы болгон) сунуштады. Бул туурасында Украина менен сүйлөшүү жүргүзгөн делегациянын башчысы, Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинанын нейтралдуу макамын сактоо жана өнүктүрүү, аны демилитаризациялоодо украин армиясынын көлөмүнө байланышкан суроолордун бүтүндөй бир топтому талкууланууда", — деди ал.
Мединский бул эки өлкөнүн коргоо министрлеринин деңгээлинде талкууланып жаткандыгын билдирди. Андан сырткары, Россия делегациясынын башчысы Киевде азыр да нейтралдык статус бар экендигин айтты.
"Дал ушул нейтралитет шарты менен 1991-жылы Украина Советтер Союзунун курамынан чыккан жана бул нейтралитет Украинанын суверенитети жөнүндө декларациясында жазылган", — деп белгиледи ал.
Президенттин жардамчысы Россия үчүн Крым менен Донбасстын статусу, орус тилдүү элдин укугу жана денацификация боюнча маселе маанилүү суроолордон болуп кала берерин айтты. Муну менен катар эле ал сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги эң акыркы маселенин алып салынышы боюнча Киевдин билдирүүсүн төгүнгө чыгарды.
"Жок, бул калп. Денацификация, жазаларды катуулатуу темасы, нацизмдин, неонацизмдин, экстремизмдин негизинде эрдик жасаганы үчүн жазаларды колдонуу мурдагыдай эле күн тартибиндеги маанилүү маселелерден болуп кала бермекчи", — деди Мединский.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операцияны баштаган. Куралдуу күчтөр сокку аскердик инфраструктура жана украиналык күчтөргө гана урулуп жаткандыгын айтып келет. Тилекке каршы, эки жактан тең курмандыктар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Россия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевден пикир: Украинага чындап денацификация керек