БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы 156 айыл өкмөткө калкты тейлөө кызматтарын көрсөтүү укуктары берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бардыгы керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Демилгенин максаты — жарандардын убактысын жана жол чыгымдарын үнөмдөө, ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Жергиликтүү бийлик органдарында төмөнкү кызматтар көрсөтүлүп жатат:
16 жашка толгон жарандарга паспорт даярдоо жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу;
ID-карта жана жалпы жарандык паспортторду алмаштырууга документтерди кабыл алуу жана берүү;
баланын туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;
никени каттоо жана нике күбөлүгүн берүү;
өлүмдү каттоо жана өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк берүү;
жарандарды жашаган жана турган жери боюнча каттоо;
"балага сүйүнчү" арызын каттоо.
Бул кызматтарды көрсөтүп жаткан айыл өкмөттөрдүн тизмеси Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтына жүктөлгөн.