Бүгүн Бишкекте айтыш. Финалга өткөн 12 төкмө акындын тизмеси

Акындардын республикалык айтышы бүгүн, 16-мартта, саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Анда мыкты он эки өнөрпоз ат салышат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Залкар акын, КРдин эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыштын финалисттери аныкталды. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду кабарлады.
Айтыш бүгүн, 16-мартта, саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.
Кечээ тандоо туруна жалпы 49 акын катышкан. Натыйжада финалга жогорку упай алган 12 акын өткөн. Алар:
1.
Амантай Кутманалиев;
2.
Баян Акматов;
3.
Акматбек Султан уулу;
4.
Мамбет Токто Орозо;
5.
Мамбет Өмүр уулу;
6.
Асылбек Маратов;
7.
Элмирбек Иманалиев;
8.
Абдуали Акимбеков;
9.
Максат Кулуев;
10.
Мундузбек Усупбек уулу;
11.
Турат Жумаев;
12.
Мундузбек Борончиев.
Сынак "Айтыш" коомдук фонду жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өткөрүлөт.
Айтыштын байге фонду — бир миллион сом.
Ашыраалы Айталиев төкмө акын гана эмес, обончу жана ырчы болгон. Ал убагында белгилүү акындар менен айтышып, улуу өнөрдүн ар кандай салттарын өнүктүргөн. "Жылкычынын ыры", "Ак шоокум", "Нарындан жазган салам кат", "Жолугабыз аз күндө", "Чабандын саламы", "Оюңда кимдин гүлүсүң", "Түшүнсөң боло суратпай" чыгармалары угармандардын арасында кеңири тараган.
Бишкекте оркестр атактуу тасмалардагы саундтректерди аткарат. Убактысы