Акушер-гинеколог: үч эрежени сактаса 40тан өтүп төрөгөн аялдын баласы акылдуу болот

Кырк жаштан жогорку курактагы аялдардын репродуктивдүү ден соолугу өзгөрөт. Мында алардын төрөө мүмкүнчүлүгү азайып, бойго бүтүүсү кыйындайт. Бул айымдардын он пайызынын гана табигый жол менен боюна бүтөрү айтылат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргызстандагы акушер-гинеколог жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Арсен Аскеров болду. Ал бизге кырктын кырындагы айымдардын эне болууга даярдык көрүүсү жана маанилүү учурлар тууралуу кенен маалымат берди.
— Адамдын репродуктивдүү системасы жаш өткөн сайын начарлай турганы айтылат. Себеби эмнеде?
— Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, мурдагы 100 жылдыкта аялдардын этек кири 12-13 жашында келип, 18 жашында эле төрөгөн. Мындайча айтканда, репродуктивдүү системасы эрте бышып, жатын, эмчек бездери да туура жетилген. Андан тышкары, 5-10дон балалуу болгондуктан аялда пайдалуу гормондордун протекциясы көп эле. Азыр кыздардын этек кири 11-12 жашында келип баштаса, турмушка чыгып боюнда болгуча ортодо 15 жыл өтүп, жатындын ички катмары, жумурткалар, эмчек бези ар бир циклде трансформацияланып, уруктарын жоготуп жатат. Анын үстүнө азыр кыймыл-аракет аз, туура эмес тамактануу жана карьера менен жүрүп көбү 25 жаштан кийин турмуш куруп калууда. Мурункудай 8-10 эмес, төрөттүн да саны азайган. Биринчи төрөт үчүн идеалдуу курак 20-23 жаш болуп саналат. Бирок бүгүнкү күндө ар кандай себептерден, анын ичинде социалдык-экономикалык абалдан улам аялдар кеч турмушка чыгып, анан да жашы өтүп төрөп жатышат. Көп аялдар 40 жаштан кийин дагы бир бала төрөп алууну ойлоно баштайт. Бул учурда уруктун саны азайып калат.
— Кырк жаштан кийинки кош бойлуулук организмге кандай таасир тийгизет?
— 20 жаштан 40 жашка чейинки орто курактагы аялдардын 80 пайызы кош бойлуу кезинде көп деле кыйналбайт. Ал эми кырктан өтүп боюна бүткөн аялдардын 50 пайызынын боюнан түшүп калат же оор көтөрөт. Себеби түйүлдүк аялдын денесине иммундук жактан башка жандык болуп саналат. Өтө жаш кезинде же жашы өтүп калганда боюна бүткөн аялдын организми түйүлдүк менен батышпай, конфликт пайда болушу толук ыктымал. Мындан улам преэклампсия (кан басымы жогорулап, заарада белоктун үлүшү жогорулайт — ред.) оорусу пайда болот. Же болбосо түйүлдүктүн өрчүбөй калышы өңдүү башка илдеттерге туш келет. Керек болсо 35 жаштан өткөн аялдардын биринчи төрөтү болсо ушундай иммундук конфликтилер жаралышы мүмкүн. Ошондуктан 10 жумадан 34 жумага чейин дарыгердин көрсөтмөсү менен ченеп аспирин ичип туруу керек. Эгер төрөткө чейин дарыгердин айткандарын толук аткарса, иммундук конфликт азайганы далилденген. Кош бойлуулукка даярдануу да чоң роль ойнойт. Химиялык микроэлементтердин жана витаминдердин организмде жетишпестиги түйүлдүктө Даун синдрому жана башка сейрек кездешүүчү ооруларды пайда кылат. Фолий кычкылынын жетишсиздигинен түйүлдүктүн оозу-мурду туура эмес өсүп же жүлүн омурткалары жакшы өрчүбөй грыжа болуп калат.
Профессор Арсен Аскеров: Көп аялдар 40 жаштан кийин дагы бир бала төрөп алууну ойлоно баштайт. Бул учурда уруктун саны азайып калат.
— Демек, "жашы өткөн кезде төрөгөн бала акылдуу болот" деген болбогон сөз экен да...
— Жок, анын да чындыгы бар. Эгер мурунку төрөттөрү ийгиликтүү болуп, эне кийинки төрөтүнө чейин жакшы тыңып, гормоналдык реабилитация мыкты болсо жана пайдалуу уруктарын жоготпосо, кийинки төрөлгөн баланын нерв системасынын өсүүсү, ой жүгүртүү, интеллектуалдык деңгээли жогору болот. Бул сөзсүз байкалат.
— 40 жаштан өткөн аялдар кандай ооруга тушугушу мүмкүн? Анын балага таасири тиеби?
— Жогоруда биз иммундук конфликт тууралуу айттык. Андан тышкары, аялдын өзүнүн өнөкөт патологиясы, ошол эле жатын катмарларынын өзгөрүшү да болот. Эгер аял жаш кезинде төрөсө, жатын катмарында булчуң толук жана ички түзүлүшү туура болсо, 40 жашында да түйүлдүктү жакшы көтөрүп кетет. Жатын жакшы чоюлуп, бала да туура жайгашып, тон менен байланышта кан айлануу да ойдогудай болот. Ал эми 40 жаштагы айымда миома шишиги же аденома түрүндөгү булчуңдар өзгөрсө, албетте, түйүлдүктүн тамактануусуна, жатындын чоюлушуна да кыйын. Бул бойдон түшүп калууга, туура эмес жайгашуусуна же кансыроого алып келет. Ошон үчүн 40 жаштан өткөн аялдарга гормоналдык дарыларды көп кошобуз. Герпес өңдүү өнөкөт инфекциялар дары-дармектин күчү менен да кетпей, терең жерде жата берет. Эгер суук тийип, стресс же иммунодефицит болсо, кайра жандана баштайт. Кан аркылуу түйүлдүккө да жетиши мүмкүн. Алар түйүлдүктүн угуусуна, көрүүсүнө терс таасирин берип, жүрөккө же мээге чейин жетип барган учурлары бар.
— Жашы өткөн аялдардын 10 пайызы гана табигый жол менен балалуу боло аларын окудум. Мунун канчалык чындыгы бар?
— Негизи 40 жаштан өткөндөр бизге көп келет. Анализинен жумуртканын резерви өтө төмөн экенин көрөбүз. Түтүкчөлөрү да жабышып калат. Ошол себептен ЭКУ (экстракорпоралдык уруктандыруу) программага өткөрөбүз. Анда да бул аялдардын балалуу болуу мүмкүнчүлүгү 30 пайыздын эле айланасында болот, анын үстүнө бардык эле ЭКУ борборлор ала бербейт. Себеби күчтүү, кымбат дарылар керектелет. Адатта Даун синдромунун бар-жогун аныктоо үчүн эки жолу скрининг жасалса, 40тан ашкан аялдарга төрт жолу терең скрининг жасалат. Себеби мындай аялдарда 100дөн көп тукум кууган өзгөрүүлөр болот. Клиникалык жактан түйүлдүк тогуз айга жетпей түшүп калбашы үчүн көзөмөлдөөгө заманбап, кымбат, татаал изилдөөлөрдү жүргүзүүгө акча көп сарпталат. Бул аялдардын ЭКУ программасы да кымбат. Вирус, бактериялар жок болсо ай-күнүнө жетет.
Профессор Арсен Аскеров: Негизи 40 жаштан өткөндөр бизге көп келет. Анализинен жумуртканын резерви өтө төмөн экенин көрөбүз. Түтүкчөлөрү да жабышып калат. Ошол себептен ЭКУ программага өткөрөбүз.
— Кырктын кырында көз жарган аялдар жалаң гана операция жолу менен төрөйбү?
— Көпчүлүгү ушундай болуп калат. Себеби боюна кеч бүтөт же кээ бирлеринин биринчи төрөтү болот, анан ЭКУ программасы менен кош бойлуу болгондорго операция сунушталат. Ошол эле учурда төрөт да жаш келиндердикине караганда кыйыныраак өтөт. Себеби бул куракта аялдын сөөгү катып, жамбаш сөөк кууш боло түшөт. Мурда 37-38 жумада эле толготуп төрөсө, азыр 40-42 жумага чейин жетип жатат. Кээде баланын башы, ийни чоң болуп же бала буту менен келип калышы мүмкүн.
— Балалуу болууну пландаган 35 жаштан өткөн келиндерге кандай кеңешиңиз бар?
— Кеч кош бойлуулукка олуттуу даярдануу керек. Аял гана эмес, эркек киши да текшерүүдөн өтүшү зарыл. Бул куракта ар кандай оору топтолуп, гормоналдык фон өзгөрүп, сперматогенездин активдүүлүгү, витаминдин деңгээли төмөндөйт. Андыктан ата-эненин экөө тең бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. 40 жаштан өткөн аялдарда кичинекей өзгөрүү болсо, мисалы, дары-дармек ичсе баланын ден соолугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн. Түйүлдүк үч ай болгонго чейин фолий кычкылын йод менен бирге ичүү керек. Себеби биздин калкан безибиз убакыттын өтүшү менен мүмкүнчүлүгүн чектеп, ымыркай гипотиреоз болуп, акыл-эси кем төрөлүп калышы мүмкүн. Же дарыгер менен кеңешип калкан безинин дарыларын ичүү керек. Мындан тышкары, аялда вирус болсо алардын да таасири болорун айттык. Ошондой эле урукту жакшы тосуп алуу үчүн контрацептикалык гормоналдык таблеткаларды колдонуу керек. Контрацептикалык препараттар — бул бойго болтурбоочу эмес, реабилитация үчүн бериле турган гормоналдык дары-дармектер.
— Жашы кырктан өткөн эркектин балалуу болуу мүмкүнчүлүгү канчалык? Эркектердин уругунун да активдүүлүгү төмөндөй турганы айтылат эмеспи...
— Туура, азыр эркектерге да экология, экономика жана коронавирустун таасири тийип жатат. Ошондой эле чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү жана башка химиялык заттардын кесепети, кант диабетинин көбөйүшү, семирип кетүүнүн баары алардын жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Атасынан тукум кууган оору өтпөшү үчүн аялдар тыкыр текшерилиши абзел. Бирок сейрек кездешүүчү тукум кууган ооруларды түйүлдүктөн дайыма эле байкап, алдын ала албайбыз. Мисалы, көп кездешкен Даун синдрому УЗИден көрүнбөй калган учурлар абдан көп, белгилүү бир маалда гана байкалат. Тилекке каршы, лабораториялык химиялык текшерүүдөн көп жубайлар шарты жоктугунан өтүшпөйт.
Гемодиализ алууда медициналык жабдыктын сапаты да маанилүү. Адистин маеги
Майын сордурткан адамга семирбейт деп кепилдик бербейбиз. Хирургдардын маеги