Сирияга баруу үчүн КР паспортун алмак. Жалал-Абадда чет элдиктер кармалган видео

Кармалгандар Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга барып, эл аралык террордук уюмдун катарына кошулууну көздөп жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын аймагынан өлкөнүн корголгон мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Колго түшүрүлгөн кишилер мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен чогуу жашынып жүргөнү маалым болгон.
"Алар Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга барып, эл аралык террордук уюмдун катарына кошулуу максатында Кыргызстандын паспортун жасоого аракет кылышкан", — деп жазылган маалыматта.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик 21 уюмдун тизмеси