Радио

Агроном: өлкөдө шор баскан аймактар көбөйдү

Айыл чарба министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы, агроном Турусбек Асаналиев Кыргызстанда топуракты шор баскан жерлер көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Өлкөдө топурак таануу институту аксап турат. Топурактын сапатын жакшыртуу үчүн конкреттүү программа керек. Бул тууралуу Турусбек Асаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы мезгилде дыйкандар топурактын курамында минералдык заттардын жетишпестигин көп кездештирүүдө.
"Дыйканчылык топурактын анализинен башталат. Бүгүнкү күндө топурак таануу институтунун иши дээрлик жок. Айыл чарбасында топурак жана сапаттуу үрөнгө абдан чоң маани берилиши кажет. Тилекке каршы, Кыргызстандын төмөнкү зоналарында, анын ичинде Чүй боорунда, Ошто, Нарында, Ысык-Көлдө дагы шор баскан жерлер көп. Шор көтөрүлүп, топурактын сапатын начарлатып түшүм жакшы болбой калды. Бул боюнча атайын программа кабыл алып, аны чечүү үчүн алгылыктуу иштер жасалышы керек", — деди Асаналиев.
Ошондой эле адис шор көтөрүлгөн жерлерде топурактын курамындагы кальций, натрийди эсептеп, жер семирткичтерди себүү зарылдыгын кошумчалады.